Мыйзамды жана этиканы бузууга эч кимге жол берилбейт

08/02/2021 - 15:08

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) 3 адам тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган   (Тоң райондук соту тарабынан анын  бирөөсү 7,5 жылга  эркинен ажыратылып, экөө акталган) 14 жаштагы кыздын тууганы Б.С., кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, 2021-жылдын 25-январында облустук сотто отурум айыпталуучулардын адвокаттарынын келбей калгандыгына байланыштуу болгон жок, ошондуктан ушул жылдын 8-9-февралына жылдырылган.. Б.С. кайрылуусунда жашы жете элек кыздын ата-энесинен зордуктагандарды кечирүүсүн талап кылып, үйүн курчап алышкан соттолуучулардын туугандарынын аракеттерине нааразы.

Мындан тышкары, ал 5-февраль күнү саат 14: 00дө Чүй облусундагы интернаттардын биринде жабырлануучу менен ата-энесинин катышуусусуз маектешүүгө аракет кылган айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө нааразычылыгын билдирди. Мындан тышкары,  арыз ээсинин айтымында, интернат директору журналисттер менен маектешүүдөн баш тартканда, ЖМК өкүлдөрү жабыркаган кыздын ата-энесине кызынан интервью алууга уруксат берүү үчүн тынчын алып, тынымсыз чала башташкан.

Ошондой эле  арыз ээсинин айтымында, жабыркаган кыздын  атасы II топтогу майып экенин жана анын ден соолугу алгач кызы топтук сексуалдык зомбулукка кабылгандан кийин, андан кийин Тоң райондук соту тарабынан адилетсиз өкүм чыгарылгандан кийин кескин начарлап кеткендигин айтты.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Токон Мамытов массалык маалымат каражаттарына жашы жете элек балдардан, андан да зордук-зомбулукка кабылгандардан ата-энелеринин катышуусуз жана алардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз, ошондой эле мындай макулдукту балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү жана / же квалификациялуу психолог тастыктамайынча интервью алууга жол берилбешин эскертип кайрылат.

Арыз ээси Б.С.нын бул кайрылуусу КР Акыйкатчысынын жеке көзөмөлүндө.