КР Акыйкатчысы Т.Мамытов: Шералы Назаркуловдун ысымы Кыргызстандын укук коргоочуларынын эсинде түбөлүккө сакталат

10/02/2021 - 14:50

Бүгүн 2021-жылдын 10-февралында белгилүү экономист, журналист, коомдук ишмер, укук коргоочу  Шералы Назаркуловду эскерүү зыйнаты болуп өттү.

Ага КР Президенттик Аппаратынын, Акыйкатчы аппаратынын өкүлдүрү, “Шералы Назаркулов” атындагы фонддун мүчөлөрү, Шералы Назаркуловдун дос, санаалаштары жана үй-бүлөсү катышты.

Эскерүү зыйнатынын ачылышында адаттагыдай,  Киев көчөсүндө жайгашкан КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин имаратындагы мемориалдык тактага гүл коюлуп, куран багышталды.

 Иш-чара жогоруда аталган министрликтин жыйындар залында уланды.

Акыйкатчы Токон Мамытов өз кезегинде сөз сүйлөп, Шералы Назаркуловдун дүйнөдөн кайтканына 19 жылдын жүзү болсо да, жыл өткөн сайын анын укук коргоо айдыңындагы эмгеги таанылып, бааланып, Назаркуловдун экинчи өмүрү уланып жатканын, анын өмүрү келечек муундарга үлгү болуп, мекенчилдик  сезимин ойготууга шарт түзөөрүн белгилеп,  анын ысымын алып жүргөн фонддун жетекчилери КР Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташып турарын, эгер чечилбей жаткан маселелер болсо, аны чечүүгө өз ыйгарымдарыбыздын чегинде аракеттерди көрмөкчүбүз-деди.

Шералы Назаркуловду жылына бир жолу эскерүү салтка айланган.

Маалымат: Назаркулов Шералы Култуевич 1950-жылы азыркы Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган. 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун кошуна өлкөгө берилишине нааразычылык билдирип, саясий ачкачылык жарыялаган. 16-январдан 7-февралга чейин ачкачылык кармап, саясий ачкачылыктын курмандыгы болгон.