Бишкекте COVID-19 пандемиясы учурунда кесиптик жана жогорку билим алуудагы көйгөйлөр талкууланды

16/02/2021 - 11:47

Ушул жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү - Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева, Аппарат жетекчиси А.Азарбеков жана Социалдык-экономикалык укуктарды коргоо бөлүмүнүнүн башчысы С.Касымбекова “Кыргызстанда COVID-19  пандемиясы учурунда кесиптик жана жогорку билим алуудагы кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар" деген темада тегерек столго катышышты. Тегерек столду  Акыйкатчы институту менен  өнөктөштүктө "Голос свободы” КФнын колдоосу менен Социалдык активдүүлүк мектеби уюштуруп өткөрдү. 

Тегерек столдун жүрүшүндө Социалдык активдүүлүк мектеби социологиялык изилдөөлөрүнүн натыйжаларынын бет ачаарын өткөрүштү. Окууга контракттын акысын кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин позициясын аталган министрликтин Бюджеттик саясат, каржылык талдоо жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.

Өз кезегинде ЖОЖдордун өкүлдөрү онлайн режиминде окутуу процессинде окутуучулар туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө айтып беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү ЖОЖдордун жетекчилигине билим берүү мекемелеринин бюджетин кайрадан эсептеп чыгууну сунушташты. Өз кезегинде жаштар уюмдарынын өкүлдөрү студенттерге контракеттын көлөмүн  50% га төмөндөтүү мүмкүн эместигин далилдөө үчүн бул маалыматты жалпыга жеткиликтүү маалымат булактарына жарыялоону сунушташты.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү Зарина Калмуратова, ошондой эле университеттердин, колледждердин, лицейлердин, жаштардын жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.