Кыргызстандын Акыйкатчысы УКМКнын тергөө абагына барды
Бүгүн, 2021-жылдын 16-февралында, Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов УКМКнын ТИЗОсуна барып, кылмышка шектүү деп Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Жылдыз Чодобаева менен жолугушту. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси ("коррупция") боюнча кармалган. Сүйлөшүү учурунда Ж.Чодобаева кармоо шарттарына нааразы болгон жок, бирок баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам сурады.
Ж.Чодобаева төрт баланын энеси экендигин, алардын эң кичүүсү эки гана жашта экендигин эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 106-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 5-пункттарына таянып, Акыйкатчы Бишкек шаардык сотунун төрагасына, шектүү Ж.Чодобаеванын (анын жактоочусунун) апелляциялык арызын кароодо анын баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө же үй камагына чыгарууга өзгөртүү маселесин карап көрүүнү сунуштайт.
Ошондой эле, Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Аскер прокуроруна кайрылып, Ж.Чодобаевага карата эч жакка кетпөө же үй камагына чыгаруу жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясына кайрылууну сунуштайт.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын тургундары жамааттык кайрылуу жолдошкон.
Ж.Чодобаева 2021-жылдын 8-апрелине чейин КР УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алгандыгы боюнча иш боюнча камакка алынган.