КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Урал федералдык округу боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков Эне тил боюнча иш чарага катышты

22/03/2021 - 18:05

КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Урал федералдык округу боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков 2021-жылдын 21-февралында Екатеринбург  шаарында Эл аралык Эне тил күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарага катышты. Аталган иш чараны Урал мамлекеттик педагогикалык университети жана Свердловск облустук этностор аралык китепканасы менен биргеликте  “Бажов кайрымдуулук фонду уюштурган.  Иш-чаранын максаты- маданий көп түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү жайылтуу. Иш-чара телекөпүрө режиминде өткөрүлүп, бир нече сайттар бириктирилген.

  Эл аралык эне тил күнүнүн программасында:

- "Languagt Matter" видео презентациясы (параллелдик котормосу менен)

- "Бажов" фондусунун "Бажовдун жумшак күчү" программасынын презентациясы

- Дүйнө элдеринин обондуу ырлары жана бийлери

- "Менин эне тилим!" Флешмобу.

- Дүйнө элдеринин тилдериндеги ырлар болду.

Өз кезегинде Жыргалбек Белеков КР Акыйкатчысынын атынан чыгып сүйлөп, эне тилдин ордун, баалуулугун баса белгиледи  жана иш чаранын уюштуруучуларына КР Акыйкатчысынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Маалымат үчүн: Эл аралык эне тил күнү 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланып, 2000-жылдан бери жыл сайын 21-февралда белгиленип келет.