Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери КР ЮМ ЖАМК №21 мекемесине барышты

12/03/2021 - 16:46

2021-жылдын 12-мартына КР Акыйкатчы аппаратывнын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын №21 мекемесине барып, ал жакта  оозун тиккен 3 адам менен жолугушту.

ТИЗО-1 мекемесинин администрациясы менен сүйлөшүүдө аныкталгандай, оозун тиккен адамдардын экөөсү КР жарандары, ал эми бирөөсү Өзбекстан Республикасынын жараны болуп саналат.

Укук коргоочулар оозун тигип алган Б И.  менен сүйлөшкөн учурда анык болгондой, ал Ысык-Ата райондук сотунун өзүнө карата чыгарылган чечими менен жана ага карата салынган 300 000 сом айып пул менен макул эмес.

Учурда соттун жогорудагы чечими апелляциялык тартипте Чүй облустук сотунда каралуу алдында турат.

Б.И.ге жеринде юридикалык кеңеш берилди, ошондой эле мекеменин администрациясы аркылуу КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардамга (МКЮЖ) акысыз негизде адвокат берүү өтүнүчү менен кайрылуу сунушталды.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда Б.И. ТИЗО кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдирди.   

Д.С.  сүйлөшүү учурунда белгилегендей, ал да Ысык-Ата райондук сотунун чечими менен макул эмес. Анын иши да апелляциялык тартипте Чүй облустук сотунда каралат. 

Д.С. менен сүйлөшүү учурунда ал ТИЗО кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жок. Д.С. белгилегендей, ал ММКларда жазылгандай КР Юстиция министрлигинин №21 мекемесинин жетекчилигине нааразы болуп оозун тиккен эмес.  Анын дооматы ал арыз менен мамлекеттик бир катар органдарга кайрылган, бирок эч кандай реакция болгон эмес.

Ал ММКлар коомчулукка туура эмес маалымат таратпоосун суранды, ошондой эле ал соттун чечими менен макул эместигин жана эч кандай күнөөсү жок экенин билдирди.   

Өзбекстан Республикасынын жараны Ю. А. аңгемелешүү учурунда ТИЗО кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдирди. Ал Өзбекстан Элчилигинин кызматкерлери келбей жатканын маалымдады, ал буга чейин элчиликке кайрылган, азырынча жооп жок.  

Ошондой эле ал оорукчандыгын, ал олтурган камеранын ыңгайлуу эместигин маалымдады.

ТИЗО администрациясы менен жеринде аныкталгандай, Ю.А. арызы өз убагында, тиешелүү жол-жоболорду сактоо менен Өзбекстан Республикасынын Элчилигинин дарегине жөнөтүлгөн, учурда жооп күтүлүп жатат.

Ал эми Ю.А. оорусу боюнча, ал бир нече жолу № 47 дарылоо-түзөтүү мекемесинин борбордук ооруканасында  дарыланган. №1 ТИЗОго жакында эле келген. Ал эми кийинки жумада кайрадан жогоруда аталган дарылоо мекемесине дарылануу үчүн жөнөтүлүүсү күтүлүүдө.  КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү укуктук кеңеш берилди.    

№1 ТИЗОдогу жогоруда аттары аталган соттолгон адамдар мекеменин жаңы жетекчисине жана кармоо шарттарына нааразычылыктары жок.

Иштери Чүй облустук сотунда каралган шартта КР Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү бөлүмүнүн кызматкерлери, эгер алар арыз менен кайрылышса,  сот отурумдарына мониторинг жүргүзүшөт.