КР Акыйкатчысы Т.Мамытов: Кайрылмандардын укуктарын бузган кызматкерлерге чара көрүлүшү керек
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шааары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу учурундагы укуктарынын бузулгандыгы тууралуу Кытай Эл Республикасынын жарандары, этникалык кыргыздар Ш. Б. (1951-ж.т.) жана анын жубайы Н. А. (1954-жылы туулган) кайрылышкан.
Алардын арыздары менен таанышууда жана өздөрү менен болгон сүйдөшүүдө аныкталгандай, алар 2016-жылы Кытай эл Республикасынан тарыхый мекени Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого келишип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу миграция кызматы тарабынан аларга кайрылман макамы (статусу) 2017-жылы 30-майда берилген. Анын мөөнөтү 2020-жылдын 30-майына чейин узартылып берилген.
2019-жылдын ноябрь айында Ш.Б. Ош облусунун Кара-Суу районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга кайрылып, анын арызы, документтери 22.11.2019-жылы (чыг.№23-34/2118) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине жөнөтүлгөн.
Ал эми, Н.А. Ош шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө КР жарандыгын алууга кайрылып, анын арызы жана документтери кабыл алынганы тууралуу (13.12.2019-жылы чыгыш №23-41/11050) тактама берилген.
Жогорудагы адамдардын арыздары 9 ай (!) өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (10.08.2020-жылы №23-2/732 каты аркылуу) Ш.Б. документтерин кайра жаңылоого Ош облусунун Кара-Суу районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Н. А. Ош шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү тарабынан арызы жана документтери кайтып келгендиги тууралуу 2020-жылдын август айында билдирүү алган.
Ш. Б. жана Н.А. жарандыкка тапшырган учурда документтери так болуп, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майы N 70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга арыздары кабыл алынган. Ушул мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө” жобонун 46-пунктуна ылайык “калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 30 күндөн ашпоого тийиш”- деп көрсөтүлгөн. Демек келип түшкөн арыздар өз убагында каралбай, мыйзамдын талаптары одоно бузулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жарандуулук иштери боюнча комиссиясына алардын жарандык алуу тууралу арыздары жөнөтүлгөн эмес.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан, же болбосо өз милдеттерин так аткарбагандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн кайрылмандардын жарандык паспортторунун мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандыгына кайрадан тапшыра албай жатышат. Алардын кайрылуусу боюнча Бишкек шаарындагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги алардын паспортторун жаңылап берүүдөн баш тарткан.
Ал эми Кыргызстанда алардын кайрылмандык укуктары чектелип калган.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.Мамбеталиевге Көңүл буруу актысын жолдоп, анда Кытай Эл Республикасынын жарандары, этникалык кыргыздар, Ш.Б. жана анын жубайы Н.А. бузулган укуктарын калыбына келтирүү максатында паспортторун жаңылоого жана кайрылмандык күбөлүктөрүн узартууга көмөк көрсөтүүнү жана Ш.Б. жана Н.А. укуктарынын бузулушуна жол койгон кызматкерлерге тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштаган.