КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКЖга эки жолу барып, Кудайберген уулу Тилекмат менен маектешти

19/03/2021 - 16:18

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери 2021-жылдын 17 жана 19-март күндөрү  Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу изоляторунда болуп,  Кудайберген уулу Тилекмат боюнча маалымат алынды. Ал убактылуу кармоочу жайдын администрациясына жана кармоо шарттарына нааразычылыгы жок, ага карата кыйноо колдонулган эмес.

021-жылдын 15-мартында саат 16:00дө Бишкек шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу изоляторлоруна алынып келинген, КР КЖКсинин 310-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар), 264-беренеси (массалык баш аламандыктар), 39-берене(кылмышка аракеттенүү) менен айыпталууда.

Маектешүү учурунда  Тилекмат Кудайберген уулу Свердлов райондук сотунун тергөө судьясынын аны камакка алуу тууралуу бөгөт коюу чарасын тандаган чечими менен макул болбостон ачкачылык жарыялаганын маалымдаган.   

Ошондой эле ал  социалдык тармак аркылуу бийликтин аракетин сындаганы чын, бирок бийликти күч менен басып алууга эч кандай чакырык болгон эместигин белгиледи.

Маалымат: Кудайберген уулу Тилекмат үй-бүлөөлүү, эки баланын атасы. Балдары-бири төрт жарым жашта, экинчиси жети айлык. Ал “Республика” партиясынын мүчөсү, парламентти таратуу, референдумга каршы жана Жетим-Тоону иштетүү маселелери боюнча коомдук кыймылдардын активдүү мүчөсү.