Бишкек ШИИБ УКЖнын №7, №8 камераларында олтургандар алардын денесинде көк аласы болгонуна карабай, кармоо шарттарына нааразычылыктары жок

26/03/2021 - 15:38

2021-жылы 25-мартта  КР Акыйкатчы аппаратына адвокат М.Б.дан сигнал келип түштү, анда Бишкек ШИИБ УКЖнын №7, №8 камераларында  олтургандар сабалган фактысы тууралуу маалымдалган.  

Мындай маалымат келип түшөөрү менен КР Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары жана башка органдар тарабынан эркинен ажыратуу жана эркиндикти чектеген жайларда адам укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Бишкек ШИИБ УКЖга барышкан. Инспекциянын жүрүшүндө №7 жана №8 камерадагы кармалгандарды караганда алардын денесинде көк ала тактары болгон, алардын айтымында 24-март күнү администрация тарабынан камераларда тинтүү жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө аларга карата күч колдонулган.  

Бул факты тууралуу КР Акыйкатчы аппараты Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасына (территориялык таандыктуулугу боюнча) маалымдашкан. Ошондой эле Бишкек шаарынын нөөмөттөгү прокуроруна маалымдашкан.   

Бишкек ШИИБ УКЖга Свердлов районунун прокуратурасынын кызматкери Э. Абдылдаев жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү үчүн келген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, кармалгандар прокуратурага кайрылуудан баш тартышты, алар УКЖ жетекчилигине нааразычылыгы жоктугун билдиришкен. Бул факты боюнча Свердлов райондук прокуратурасынын кызматкери менен биргеликте акт түзүлгөн.

Ошондой эле келип түшкөн сигналга ылайык Бишкек шаарынын прокуратурасынын кызматкери С.Жапаров  ШИИБ УКЖга келген. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча УКЖга толук кароо жүргүзүлгөн, анда кармалгандар кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдиришти. Кармалгандардын экөөсү гана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге караштуу болгон эки адам тергөөнүн жүрүшүнө нааразылыгын билдирген.