Токон Мамытов БШКдан кечээ Бишкекте 260 добуштун жокко чыгарылышына күнөөлүү болгон УШК мүчөлөрүн жоопко тартууну сунуштайт

11/04/2021 - 14:49

Бүгүн, 2021-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) борбордук аппаратынын жана жети аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышууда.

Мындан тышкары,  аппараттын кызматкерлеринен турган ыкчам  мониторинг тобу иштеп жатат. Атап айтканда, аталган топтун мүчөлөрү ушул жылдын 10-апрелинде жеринен тышкары алты шайлоо участкасында добуш берүүнүн натыйжаларын жокко чыгаруу фактыларын тактоо үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына барып, анда жарандардын шайлоо укуктарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин талкуулашты.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жетектеген ыкчам  топ Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов менен жолугушту. А.Бекматов  алты участоктогу көчмө добуш берүүнүн чоо-жайы жана нюанстары, ошондой эле алты урнадагы бюллетендердин жокко чыгарылышынын себептерин айтты. Мындан тышкары, бул жолугушуунун катышуучулары калган шайлоочулардын укуктарынын бузулушу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сырттан добуш берген адамдар тарабынан өз тандоосун коргоонун ченемдеринин жоктугуна байланышкан бир катар  маселелерди талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын пикиринде, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы өксүктөрдүн айынан, учурда орун алган айрым мыйзам бузуулардан улам, шайлоочулардын 260 добушу (алты урнадан), болгондо да калктын аялуу катмарынын добуштары жокко чыгарылганы өкүнүчтүү. Ушуга байланыштуу, Токон Мамытов кечээ 10-апрелде жеринен тышкары добуш берүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан УШКнын мүчөлөрүнүнү аракети же аракетсиздиги ушундай окуяга алып келгендиктен, аларды жоопко тартуу сунушу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынынын дарегине тиешелүү кайрылуу жолдойт.