Шектүү жана айыпкер аялдар үч жашка чейинки балдары менен бирге болууга укуктуу

16/04/2021 - 16:40

2021-жылы 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акайкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Ж. А. Узакбаева жана КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун Таластагы өкүлү Н. Абдыраимов менен бирге КР Акыйкатчы (Омбудсмен) мыйзамынын 8-беренесинин 10-пунктунун негизинде, Талас облусунун Кара- Буура РИИБнун убактылуу кармоочу изоляторуна мониторинг жүргүзүүгө барып, убактылуу кармоодо отургандардын шарттары жөнүндө маалымат алып жаткан учурда, Хусеинова Марина аттуу жарандан жазуу түрүндө арыз түшкөн.

Арызда жазылгандай, ал 2021-жылдын 1 февралынан КР. ЖКнын 130 бер.1б. менен шектелип эки айга камакка алынган. 3 жаш баласы бар, кичүүсү 3 айлык эмчектеги бала экенин, баланы эмизүү үчүн Маринанын ата-энеси Кара-Буура районунун Аманбаев айылынан күнүнө бир жолу 1 ай алып келип жүрүшүп, кийинки убакта ата-энеси шарттын жоктугунан жана жолдун алыстыгынан

улам алып келе албай калган. Баланы эмизбей калгандан кийин, эмчеги ооруп кыйналып жатканын, убактылуу кармоочу жайда эркек кызматкерлер иштегендиктен, уялып айта албай койгон. Бирок жактоочусуна айтканын жазат.

КР “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамынын 28-бер. 2 бөлүгүндө шектүү жана айыпкер аялдар үч жашка чейинки балдары менен бирге болууга укуктуу деп көрсөтүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас өкүлчүлүгү тарабынан Талас облусунун прокурору Г.Кашкаровага кат жөнөтүлгөн. Бирок, ал чечим кабыл ала элек.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов камакка алынган Хусеинова Марина кылмышы боюнча албетте жооп бериши керек, бирок анын 3 айлык баласы бар экени жана ден-соолугунун абалы эске алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу жана үй камагына чыгарылыш керек деген пикирде жана ал Башкы Прокуратурага бул маселени оң жагына чечүү мүмкүнчүлүгүн карап берүү боюнча Талас облусунун прокуратурасына тапшырма берүү өтүнүчү менен кайрылуусун жөнөттү.