Тегерек стол "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) жана пандемия учурунда адам укуктарын коргоону камсыз кылууга жаңы мамилелер"

19/04/2021 - 16:37

2021-жылдын 20-апрелинде “Хаят” мейманканасында (Бишкек шаары) “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) жана пандемия учурунда адам укуктарын коргоону камсыз кылууга жаңы мамилелер” деген темада тегерек стол болот. Тегерек стол адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында иш алып барган тараптарды консолидациялоо, ошондой эле пандемия учурунда адам укуктарын коргоонун куралы катары санариптик технологияларды талкуулоо жана маалымат алмашуу максатында өткөрүлүп жатат. Жолугушуунун уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасы жана Кыргызстандын Укуктук Клиникалар Ассоциациясы.

Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы адам укуктарынын индекси боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоо күтүлүүдө. Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын индексин аныктоо боюнча мындай талдоо биринчи жолу жүргүзүлдү. Ошондой эле Telegram мессенджеринде ишке киргизилген "Акыйкатчы-бот 115" мыйзамдуу чат-боту көрсөтүлөт.

Тегерек столго республиканын мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынын, ошондой эле юридикалык клиникалардын өкүлдөрү чакырылган.

Маалымат үчүн: Бул тегерек стол Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун  жана Кыргызстандын Укуктук Клиникалар Ассоциациясынын (АЮКК) демилгеси менен ПРООНдун "COVID 19га инклюзивдүү жана көп тармактуу жооп кайтарууну колдоо жана анын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу " долбоорунун алкагында Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.