Кыз ала качуу - кылмыш

21/04/2021 - 16:18

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча  өкүлчүлүгү  2021-жыл 20-апрель күнү  Талас  мамлекеттик университетинин орто билим берүүчү кесиптик колледжинин жетекчилиги уюштурган «Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы» темадагы  тегерек стол катышты. Тегерек столго студенттер, колледждин  мугалимдери,       жана  Талас облустук ички иштер башкармалыгынын, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү. 

«Кыз ала качуу салтпы, же кылмышпы» деген тема боюнча  студенттерге  Кыргыз Республикасынын  Жазык Кодексинин  175.176 жана 177-беренелеринин маңызы  боюнча кеңири айтып берди.   Студенттердин суроолоруна    жооптор берилди.

 Өткөрүлгөн  тегерек стол  Талас областтык телерадиокампаниясы тарабынан  тартылып,  тегерек столдун максаты жөнүндө КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан интервью берилди.