Таласта “Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы” деген темада тегерек стол болду
21/04/2021 - 16:15
2021-жылдын 20-апрель күнү Талас Мамлекеттик университетинин орто билим берүү кесиптик колледжинин жетекчилиги уюштурган «Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы» деген темадагы тегерек столго Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусунун өкүлчүлүгү катышты. Студенттер, колледждин мугалимдери, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышкан тегерек столдо аталган тема боюнча студенттерге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 175, 176 жана 177 статьяларынын маңызы боюнча жалпы түшүнүк берилди. Студенттердин суроолоруна жооптор берилди.
Өткөрүлгөн тегерек стол Талас областтык телерадиокампаниясы тарабынан тартылды. Өкүлчүлүк журналисттерге бул темада интервью берди.