КР Акыйкатчысы институтунун кызматкерлери Ксения Барабашка барышты

29/04/2021 - 16:06

Ушул жылдын 28-апрелинде КР Акыйкатчысынын аппаратынын профилдик бөлүмүнүн кызматкерлери Түркиянын «Turkish haba yollary» өкүлчүлүгүнүн башчысы Ксения Барабаш кармалган Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында болушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ал камактын шарттарына байланыштуу эч кандай дооматы жок экендигин, бирок өзүнө карата мындай мамиленин себебин түшүнбөгөнүн, анткени ал ар дайым суракка келип, керектүү көрсөтмөлөрдү берип жаткандыгын белгиледи. Ал камакка алынганын тергөө кызматкерлеринин кысымы жана коркутуусу деп эсептейт, тергөөнүн жүйөөлөрүнө макул эмес. Адвокаттары аны камакка алуу боюнча тергөө судьясынын чечимине каршы даттануу чараларын көрүп жатышат.

Мындан тышкары, К.Барабаш өзүнүн карамагында жашы жете элек эки баласы - 14 жаштагы кызы жана 12 жаштагы аутизмден жапа чеккен уулу, ошондой эле 75 жаштагы энеси бар экендигин айтты. Баланын атасы баласын дарылоого жана тарбиялоого катышпайт.

Жогоруда келтирилген фактыларды эске алуу менен, Акыйкатчы Бишкек шаардык сотуна К.Барабаштын камакка алуу баш коргоо чарасын, сыртка чыкпоо боюнча тил кат алуу менен үй камагына чыгарууга өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.