КР Акыйкатчы институту адам укуктарын бузууга жол койгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылат

07/05/2021 - 15:47

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына туруктуу негизде парламенттик контроль жүргүзүүчү институт болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун принциптерине ылайык, эч ким кыйноолорго жана башка адамкерчиликсиз, таш боор мамилеге же жазага кириптер болбоого тийиш.

Учурда социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарынын бир нечеси Тажикстан Республикасында барымтада болушканы жана кыйноолорго жана кадыр-баркты басмырлаган таш боор мамилеге дуушар болушканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда.

Акыйкатчы аппараты кыйноолорду жана таш боор же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге дуушар болгондорду Стамбул протоколуна ылайык документтештирүү жүргүзбөгөн медициналык кызматкерлердин аракетсиздигин белгилейт. Ушуга байланыштуу КР Акыйкатчысы КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 2021-жылдын 7-майында кат жолдоп, анда кыйноого дуушар болгон жарандарыбызды жана аскер кызматкерлеринин денелериндеги тактарды (кыйноо жана башка катаал мамиле жана жаза) талаптагыдай документтештирүүнү камсыздоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү сунуштады.  КР Акыйкатчы институту мындан сырткары, адам укуктарын бузууга жол койгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылат.