Кыргызтандын аймагында токтотулган тажик жарандарынын милиция кызматкерлерине жана жарандарга доосу жок

12/05/2021 - 15:43

2021-жылдын 11-апрели күнү кечки саат 20-45 Баткен шаарында Тажик Республикасынын оор жүк ташуучу автоунаалары кармалып социалдык тармактарга таркап кеткен маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнө окуянын чоо-жайын билип, укуктук баа берүү тапшырмасын берген.

2021-жылдын 12-майы күнү эртең мененки саат 06-30 да Акыйкатчынын өкүлү Баткен шаарынын топ база кампасына барган. КР ИИМ ПСН аскерлери оор жүк ташуучу үч автоунааны кайтарып турган, барган учурда айдоочулар ордунда жок болгон.

Саат 08-40 ченде Баткен ШИИБнин начальниги жана областтык ИИБнин кызматкерлери келишти. Алардан кийин төрт айдоочу келишти. Алар: Мадиев Гуломжан – Тажик Республикасынын Хатлон областынын тургуну. Эрданаев Шавкат – Тажик Республикасынын Душанбе шаарынын Рудаки районунун тургуну, Тагаев Абдулло – Душанбе шаарынын Рудаки районунун тургуну, Тошматов Рустам – Тажик Республикасынын Душанбе шаарынын Рудаки районунун тургуну. Булардын ар бири менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Төртөө тең милиция кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын жарандарына арыз, доосу жоктугун билдиришти. Төртөө тең орозо тутуп жаткандыктан, Баткен ШИИБнин кызматкерлери эртең мененки саарлыкты жана кечки ифтарлыкты бериптир.

Алар эски үй-тиричилик буюмдарды Санкт-Петербург шаарынан Тажикстанга алып баратышкан. 2021-жылы 20-апрелинде Казакстандан Кыргызстанга Талас областы аркылуу киришиптир.

Ошондой эле автоунаалар кармалып турган жерде Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районунун тургундары да жүргөн. Алар биздин жүк ташуучу автоунаалар учурда Тажик Республикасынын территориясына мыйзамсыз атртып алынып кеткендигин, аларды бул жерде кармалган автоунааларга алмаштыруу маселеси менен келишкенин айтышкан.

Учурда бул иш боюнча Баткен ОИИБнун жана ШИИБнин кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Акыйкатчы аппараты бул маселеге укуктук көзөмөл жүргүзөт.