КР Акыйкатчысы жана “МКЮЖ өнүктүрүү үчүн ӨЭУ улуттук тармагы” адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

18/05/2021 - 15:38

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов  жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) өнүктүрүү үчүн ӨЭУ улуттук тармагы” Координациялык кеңешинин төрагасы, “Укукту жана мыйзамдарды өнүктүрүү” коомдук фондунун директору Марипа Сейдалиева адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндө Меморандумга кол коюшту.

Бул документте Кыргызстанда сот адилеттигине жетүү үчүн чогуу аракеттердин жана адам укуктарын коргоонун маанилүүлүгү баса белгиленген. Ошондой эле аталган Меморандумдун алкактарында тараптар КР мыйзамдарын жетекчиликке алып, тең укуктуулук, ыктыярдуулук жана ачык айкындык принциптеринин негизинде аракеттенишери белгиленген.

Тараптар, мындан тышкары, адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндө  биргелешкен мониторингдерди жүргүзүшмөкчү, андай иш чараларды жүргүзүүгө квалификациялуу эксперттер тартылат, иликтөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү документтер иштелип чыгылат.

Бул Меморандум бир жылдык мөөнөткө түзүлүп, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Расмий кол коюу аземинде ошондой эле КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, МКЮЖ өнүктүрүү үчүн ӨЭУ тармактарынын Координациялык кеңешинин катчысы, “Адам, укук, эркиндик” КФ директору Эльмира Арапова; “Жумуштуулук” КБ директору Бейшен Турсунбаев (Нарын обл.), “Адам укуктары боюнча эдвокаси борбору” ӨЭУлар ассоциациясынын аналитиги Залина Абдулхакова жана ушул эле уюмдун юристи Султан Сулейманов катышты.