Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө кайрадан кыйноо фактысы. ИИМ жетекчилигинин аракети белгисиз

21/05/2021 - 14:37

КР Акыйкатчысынын наамына учурда Бишкек шаарындагы №1 ТИЗОдо кармалып турган жаран Т.К.  Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн даттанып кайрылган, арыз ээсинин кайрылуусунан  белгилүү болгондой,  аны катуу сабашып, башын жарышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан ага карата адам чыдагыс кыйноолор колдонулганынан улам ал асынып, өз өмүрүн кыюуга аракеттенген, анын менен бир камерада болгон адамдар анын өз жанын кыюусуна жолтоо болушкан.

Мындан тышкары ал өзүнө коюлуп жаткан кылмыштын туура эмес берене боюнча квалификацияланышына да даттанган.  Арыз ээсинин катында жазылгандай, аны ага сактоого берилген акча каражатын уурдоодо айыпташууда. Арыз ээси белгилегендей, ал акчаны уурдаган эмес, кийин кайра толуктап коюу ниети менен убактылуу пайдаланып турган.

Арыз ээси өзүнө карата милиция кызматкерлеринин орой жана бир беткей мамилесин, буга чейин анын арызы боюнча Ленин РИИБ кызматкери акча талап кылууга шектелип кармалган болчу. Ошол себептен деп түшүндүргөн.

Арыз ээси Акыйкатчыдан Биринчи май РИИБ кызматкерлерине карата мыйзамдуу чара көрүлүүсүнө жана өзүнө коюлуп жаткан беренедеги кылмышты кайра жиктөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Бул кайрылуу боюнча КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы №1 ТИЗОго барып, арыз ээси Т.К. менен жолугуп келишкен. Маектешүү учурунда ал Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине маалымдагандай, ушул жылдын 23-февралында саат 20.00дө аны Биринчи май РИИБ кызматкерлери кармап, аны катуу сабашкан. Бул сабоолордун айынан анын сол кулагы укпай калган жана башы ар качан ооруп турат.  

КР Акыйкатчы институту тарабынан тиешелүү каттар прокуратура органдарына жолдонгон. Учурда топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жазыктардын бирдиктүү реестрине катталган жана Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан КР Жазык кодексинин 321-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча  УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын  тергөө бөлүмүнө жөнөтүлүп, ал жерде териштирүү иштери башталган.

Бул иш КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынган жана иш акыр аягына чейин аяктап, арыз ээси Т.К.га карата мыйзамдуу чечим кабыл алынганга чейин көзөмөлдө болот.