КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кыздын укугун коргоду

26/05/2021 - 14:26

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнө             Жалал-Абад шаарынын убактылуу тургуну А.А. (паспорту боюнча Чаткал районунда катталган)  кайрылып, кызы. 2011-жылы туулган  А.Т. жаш курагынан бери майыптыгына карабастан жана дарыгерлер комиссиясынын жолдомосу болсо да Жалал-Абад облустук МСЭК кызматкери орой мамиле жасап, кызынын майыптуулук маселеси бир топ жылдан бери чечилбей келгенин  көрсөткөн.

Арызды кароонун жүрүшүңдө КР Акыйкатчысынын өкүлчүлүгү тарабынан Жалал-Абад райондор аралык медико-социалдык эксперттик комиссиясынын төрагасына чакыруу жиберилген жана комиссия мүчөлөрү, арыз ээси А.А. жана Акыйкатчынын өкүлчүлүгү менен биргеликте үч тараптуу жолугушуу өткөрүлгөн.

А.А. арызы караштуулугу боюнча Аксы райондор аралык МСЭК кароосунан өткөрүү сунушталган.   Арыз ээсинин үй-бүлөсүндө 5 баласы менен оор шартта жашагандыктан өкүлчүлүктүн кызматкери кызматтык сапары менен Аксы районунун Кербен шаарындагы медициналык-социалдык эксперттик комиссиясына (МСЭК) барып, жашы жете элек А.Т.медициналык жолдомосу менен тийиштүү документтери комиссиянын кароосуна коюлуп, жыйынтыгында, жашы жете элек А.Т.ны  “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясына киргизип, аны 18 жашка толгонго чейин (2029-жылдын августуна чейин) майыптуулук белгиленген.

Мындан сырткары,  бул маселе боюнча Чаткал райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы менен байланышып,  А.Т. жөлөкпул алуусуна укук берүүчү  тийиштүү документтери жиберилген.