Талас шаарынын тургуну анын укуктарынын “Түндүкэлектр”ААК тарабынан бузулганын билдирди
Талас шаарынын тургуну Э.Ж.К. КР Акыйкатчысынын наамына кайрылып, 2021-жылдын 31-майында КР Жогорку сотунда өтүүчү сот отурумуна өкүл жөнөтүүнү суранган. Ошондой эле ал өз укуктарынын “Түндүкэлектр” ААК тарабынан бузулганын билдирди.
Атап айтканда, арыз ээси Талас шаардык сотуна “Түндүкэлектр” ААК тарабынан бузулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн доо менен кайрылган. Ал өзүнүн 27 сотых менчик жерин колдонууда тоскоолдуктар жаралып жаткан фактысы боюнча кайрылган, ал жер аркылуу 10000 вольттуу электр өткөрүү чубалгысы өтөт.
Э.Ж.К. айымдын айтуусунда арыз ээсинин жер тилкесинин үстүнөн ЛЭПтин өтүүсү мыйзамсыз жана анын укуктарын бузат.
Талас шаардык соту2020-жылдын 21-октябрында Э.Ж.К. жарандык иши боюнча доо арызын канааттандырган. Ал эми Талас облустук соту 2021-жылдын 27-январында жоопкер “Түндүкэлектр” ААК апелляциялык арызы боюнча Талас шаардык сотунун жогоруда көрсөтүлгөн чечимин толугу менен четке каккан. Облустук соттун бул чечими менен макул болбостон, арыз ээси кассациялык даттануу менен КР Жогорку сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына кассациялык даттануу менен кайрылган.
Биринчи жана экинчи инстанциялардын чечимдери бири-экинчисине таптакыр карама-каршы болгондуктан, анын мыйзамдуулугуна юридикалык бааны КР Жогорку соту гана бериши керек.
КР Акыйкатчысы КР Конституциясынын 109-беренесин жана КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР КР мыйзамын жетекчиликке алып, КР Жогорку сотунун төрайымы Н.Ж.Бакированын наамына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда бул арызды жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү.