Акыйкатчы Институту Эсен Мажитовду Мекенине кайтаруунун мүмкүн болгон оптималдуу жолдорун караштырууда
2021-жылы 27-майда КР Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында КР жараны Эсен Мажитовду (Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну) экстрадициялоону тажик тарап талап кылып жатканы тууралуу маалымат айтылды. Эсен Мажитов ушул жылдын 18-апрелинде РФ Нижний-Новгород шаарында 2020-жылдын 8-майында чек арадагы жаңжалга тиешеси бар деп Тажикстан ИИМ суроо-талабы боюнча кармалган болчу.
Буга байланыштуу КР Акыйкатчы институту аталган маселе боюнча ушул жылдын апрель айынан тартып алектенип жатканын маалымдайт. Бул аралыкта Акыйкатчы Институту менен КР РФтеги Элчилиги менен бир катар тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, ошондой эле КР Акыйкатчы Институту менен Консулдук мекеме өз ара макулдашылган аракеттерди жүргүзүүсү сүйлөшүлгөн. Мында Кыргызстандын жана Россиянын мыйзамдарынын алкактарында иш жүргүзүлөт. Акыйкатчы Институту тарабынан Эсен Мажитовду Мекенине кайтаруунун мүмкүн болгон оптималдуу жолдоруна жетишүүгө багытталган аракеттер көрүлүүдө. Эске салсак, ушундай эле жумуштар республиканын Башкы прокуратурасы жана ТИМ тарабынан да жүргүзүлүүдө. .
Акыркы маалыматтар боюнча, Э.Мажитовду Нижний-Новгород ТИЗОсунда кармоо мөөнөтү дагы үч айга узартылган.