Уурдалган кыз боюнча иш КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө

31/05/2021 - 14:12

«24.kg» маалымат агенттигинин сайтында «Мужчина изнасиловал несовершеннолетнюю, а затем похитил ее» аталыштагы материал жарык көргөөрү менен КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча  өкүлчүлүгү бул ишти өз көзөмөлүнө алышты.

Иштин материалдары менен таанышууда белгилүү болгондой, М.к.А  жашы жетпеген болуп эсептелбейт, анткени ал 2003-жылы апрелде туулган, ал ала качылган учурда 18 жашта болгон.Ошондой эле белгилүү болгондой бул кылмыш иши Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 2021-жылдын 19-майында КР Жазык кодексинин  170-беренесинин 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча №03-092-2021-001ХХХ  менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, ал боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып,  жабырлануучу М.к.А  карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

2021-жылдын 19-майында шектүүгө билдирме берилип, ал ошол эле күнү КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык Ош шаардык ИИБ УКЖ киргизилген.

2021-жылы 21-майда тергөө судьясы  Т.Маматов  кызды уурдаган Д.Т.га карата бөгөт коюу чарасын бир айлык мөөнөткө үй камагы катары белгилешти.