Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов өзүнүн жаңы орун басары Альберт Сексенбаевич Колоповду Акыйкатчы аппаратынын жамаатына тааныштырды
Ал 3-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында, көпчүлүк добуш менен шайланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары ага 74 добуш берди. Ал бул кызмат ордуна 9 талапкердин арасынан альтернативдик негизде шайланган эле.
Акыйкатчы Токон Мамытов А.Колопов адам укугун коргоочу ишмердүүлүктү ичинен билээрин, андыктан ал адаптацияланбай, өз милдетин токтоосуз аткара баштай тургандыгын баса белгиледи. Ага жаңы кызматында ийгилик каалады.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары болуп шайланганга чейин А.Колопов 2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратында ар кандай кызматтарда иштеген. Акыйкатчы институтуна келгенге чейин мугалимдик ишмердүүлүк менен алектенген.
Акыйкатчы Аппаратында ал катчы-референттен бөлүм башчыга чейин жеткен.
Акыйкатчы институтундагы эмгек жолунун башында Аскер кызматкерлеринин укуктары жана билим берүү, саламаттыкты сактоо жана искусство маселелери боюнча инспекциясынын катчысы-референти болуп иштеген. Андан соң жетектөөчү адис, андан кийин ушул эле инспекциянын юристи болгон.
2008-жылдан тартып, Ювеналдык юстиция бөлүмүндө аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча инспектор болуп иштеген. 2008-жылы ушул эле бөлүмдүн башчысы болгон. 2011-жылы ал Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жардамчысы кызматына дайындалган, 2011-жылдын март айынан тартып пенитенциардык мекемелердеги адамдардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн инспектору кызматына которулган. Ал эми 2014-жылы - Укук коргоо ж.б. органдар тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган жана бул кызматты 2021-жылдын 3-июнуна чейин аткарып келген.
Альберт Колопов 1971-жылы 19-декабрда Токтогул районунда туулган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Жогорку билимдүү.
1989-1994-жж. Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык адистигин окуган.
2018-жылдан бери Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
Саясий илимдердин кандидаты (2017-ж)
26 илимий макаланын, 2 окуу китебинин автору.
Сыйлыктары:
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамотасы
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамотасы,
2015-жылы "Адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамотасы.
2014-жылы "Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) III даражадагы диплому.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин "Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отличниги" медалы.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" төш белгиси.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин"Саламаттыктагы сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгиси.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Жемиштүү кызматташтыгы үчүн" медалы.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) 10 жылдыгына арналган мааракелик “Акыйкат” медалы.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) 10 жылдыгына арналган мааракелик "Акыйкат" медалы.
2018-жылы Жемиштүү кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Ардак” медалы.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин "Юстициянын отличниги" медалы.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төш белгиси.
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ж.Шабиров атындагы Республикалык Окуу Борборунун "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрларын даярдоодогу жемиштүү кызматташтыгы үчүн" Ардак грамотасы.