Акыйкатчынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери “Кызыл-Кыя” чек ара тозотунун аскер кызматкерлери менен жолугушту

25/07/2021 - 16:00

КР Акыйкатчысынын Баткен облустук облустук өкүлчүлүгх адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо КР Башкы прокуратурасынын Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизондук прокуратурасы менен тыгыз кызматташтыкта иштешет.

Өкүлчүлүктүн иш мерчемине ылайык, анын кызматкери Баткен гарнизондук аскер прокуратурасынын өкүлү жана Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун өкүлү менен биргеликте КР Мамлекеттик чек ара кызматынын №2023 аскер бөлүгүнүн “Кызыл-Кыя” чек ара тозотуна барышты. Ал жердеги аскер кызматкерлери менен жолугушуп, алардын тиричилик шарттарына мониторинг жүргүзүштү.   Анын жүрүшүндө аскер кызматкерлеринин ашканасы, кампасы, мончо,  жатаканасы жана эс алуу бөлмөлөрүн карап чыгышты.  

Белгилүү болгондой, бул чек ара тозотунда CoVid-19 илдетинин алдын алуу жана андан коргонуу боюнча зарыл болгон чаралар көрүлгөн. Чек ара тозотунун командири Н.Таалайбековдун маалыматына ылайык, аскер кызматкерлери өз милдеттерине киришкенине 3 айдын жүзү болгон, учурда CoVid-19 менен жабыркагандар жок. 2021-жылдын 1-апрелинен тартып аларга 9-норма боюнча тамак аш берилип, андан сырткары айына ар бир жоокерге 390 сомдон берилет.  

Акыйкатчынын өкүлү жоокерлерге КР Акыйкатчысынын адам укуктарын коргоо боюнча ишмердиги тууралуу айтып берди, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.