Акыйкатчынын орун басары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун салтанаттуу иш-чарасына катышты
Бүгүн, ушул жылдын 28-июнунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары А.С. Колопов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 24-июнундагы No 272 токтому менен белгиленген Кыргыз Республикасында Юристтин күнүнө арналган Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун салтанаттуу иш-чарасына катышты.
Куттуктоо сөзүндө Колопов А.С. өлкөнүн юристтеринин негизин адилеттүү соттор жана Конституциялык соттун кызматкерлери түзөрүн баса белгиледи. Анын пикири боюнча, жакынкы 10-15 жылда ата мекендик юриспруденциянын өнүгүү векторун ушул орган аныктайт.
Андан соң, Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун атынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын Аппаратынын бөлүм башчысы З.Т.Эсеналиеваны «Акыйкат» медалы жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак громатасы менен Персоналды башкаруу жана документтерди камсыздоо бөлүмүнүн консультанты У.Т. Таалайбековду сыйлады.