Ысык-Көлдө фостердик үй-бүлөдө тарбияланган 4 биртуугандын эч кандай документи жок

09/07/2021 - 13:54

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жылдык иш-пландын алкагында 2021-жылдын 25-июнунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жашаган фостердик (бала багып алуучу) үй-бүлөгө жергиликтүү социалдык кызматкерлер менен чогуу барып мониторинг жүргүзүштү.

Мониторинг учурунда ал үй-бүлөгө берилген 4 бир туугандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана өздүгүн тастыктаган бир дагы документ жок экени айтылды. Берилген маалыматтарга ылайык, бул балдардын энеси Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну. Ал Мады (Ош облусу) айылына келин болгон. Бирок күйөөсү менен келишпей, Жети-Өгүз районунун айылдарынын бирине, төркүнүнө көчүп келген. Төркүнү социалдык колдоого муктаж үй-бүлө. Өзүнүн да, балдарынын да документтери жок. Учурда энеси башка күйөөгө тийип, балдарын таштап Бишкек шаарына кетип калгандыктан, балдары Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына фостердик үй-бүлөгө өткөрүлүп берилген. Балдардын азыркы абалы жана багуусу жакшы. Бир туугандардын улуусу улам окубай калып, азыркы учурда 4-классты араң бүтүптүр.

Балдардын өздүгүн тактоочу документтерди алып берүү үчүн райондук социалдык өнүгүү бөлүмү иш алып барып, тийиштүү органдарга кайрылып келишет. Бирок, азырынча майнапсыз болуп атканы белгилүү болду.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү бул ишти райондун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары колго алыш керек. Балдардын энеси табылбаса, күч түзүмдөрүнө издөө жарыялатып же энелик укуктан ажыратуу керек-деп эсептейт.

Өкүлчүлүк тарабынан балдардын документтерин тез арада бүтүрүү чараларын колго алуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык Мамлекеттик каттоо кызматына кат жөнөтүлүп, иш көзөмөлгө алынды.