Мандела эл аралык күнүнө карата кино кечи өттү
Кечээ, 13-июль күнү кечинде Ден-соолукту чыңдоочу парктын амфитеатрында Нельсон Манделанын Эл аралык күнүнө арналган кино кечеси болуп өттү. Кече адам укуктары жана эркиндиктери үчүн көрүнүктүү күрөшүүчүлөрдүн бири Нельсон Мандела күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында #MandelaDay глобалдык хэштегинин астында өттү.
Апартеиддердин кулаган маалы, Түштүк Африка Республикасында 1995-жылы регби боюнча дүйнө чемпионаты өткөн мезгил жөнүндө ачык асман алдында «Invictus/ Багынбас (Непокоренный)» көркөм-биографиялык тасмасы көрсөтүлдү. Анда Нельсон Манделанын биринчи президенттик мөөнөтү, ал өлкөнүн ак жана кара калкынын ортосундагы узак мөөнөттүү түшүнбөстүктү жоюу жана басмырлоону жок кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга аракет кылганы чагылдырылган.
Иш-чаранын максаты жарандарга жалпысынан Нельсон Манделанын адам укуктары менен эркиндиктерин чыңдоого жана дүйнө жүзүндө кодулоону жоюуга кошкон салымы, ошондой эле Кыргызстанда жалпы таанылган укуктар менен эркиндиктердин баалуулуктарын илгерилетүү болду.
Нельсон Мандела - өз өмүрүн тынчтык жана гуманизм ишине арнаган - адам укуктарын коргоочу, саясий туткун, эл аралык тынчтык орнотуучу жана эркин Түштүк Африканын демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти катары тарыхта аты калды. 70/175 токтому менен Генералдык Ассамблея абактагыларга карата минималдуу стандарттык эрежелерди кайрадан иштелип чыккан текстин кабыл алды, ошондой эле Эксперттер кеңеши бул эрежелер, адам укуктары үчүн күрөшүп жүрүп, 27 жыл түрмөдө отурган Түштүк Африканын маркум президенти Нелсон Ролихлахлы Манделанын урматына арналып, “Нельсон Манделанын эрежелери” деп аталышы керек деген сунушун колдоду.
Кино кечеси Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору, "Голос Свободы" коомдук фонду, OMCT (Кыйноолорго каршы глобалдык тармак) колдоосу менен, БУУ кеңсесинин Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча жогорку комиссары жана Германиянын Бишкектеги элчилиги тарабынан уюштурулган.