Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусундагы өкүлү жоокерлер менен жолугушту

23/07/2021 - 17:10

2021-жылдын 22-июлунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу  боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш. Касымов, Ош аскер гарнизонунун   аскер прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы юстициянын ага лейтенанты Б.Сулайманов,  КРнын муфтиятынын кызматкери Садыбакас ажы Доолов  менен биргеликте,  Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн  Түштүк-Батыш штабынын  аскер гарнизонунда кызмат өтөп жатышкан жоокерлер жана офицердик курам менен жолугушуу өткөрдү.  Жолугушуу Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн  Түштүк-Батыш штабы тарабынан уюштурулган.

Жолугушуу учурунда, КРнын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош областы боюнча өкүлү Ш.Касымов Акыйкатчы аппаратынын аткарып жаткан  иштери, милдеттери жана укуктары, Адам укуктарынын жалпы Декларациясынын  кабыл алынышы,  себептери, аткарылышы жана жалпы адам укуктарына байланышкан маселелер боюнча маалымат берди.  Аягында, Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош областы боюнча өкүлчүлүгүнүн жана уюлдук телефондору берилди, ошондой эле КРнын Акыйкатчысынын борбордук аппаратында иштеп жаткан «115» шыр байланыш телефону тууралуу да маалыматтар берилди.

Прокуратура кызматкери тарабынан жоокерлердин аскердик милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу айтылса, КР муфтиятынын кызматкери Садыбакас ажы Доолов   ыймандуулук, өз жанын кыюуга барбоо керектигин түшүндүрүп берди.  Диний маселелер боюнча суроолорго жооп берилди.

 Андан кийин,   учурда  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу  боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү   КРнын ИИМнин №703 ички аскер бөлүгүндө болуп, жогорудагыдай эле маалыматтарды  берди.

Жоокерлерди жана офицерлерди кызыктырган адам укуктарына тиешелүү болгон  суроолорго жооп берилди.