Экспресс-тестирлөө 22 соттолгон аялда COVID-19 боюнча оң натыйжаларды көрсөттү, алардын ичинен 5 соттолгон адамда ПЦР тесттин натыйжасында COVID-19 тастыкталды
2021-жылы 25-июлда бир катар маалымат каражаттары аялдар колониясында массалык түрдө коронавирус инфекциясы аныкталгандыгын кабарлашкан. Бүгүн, 2021-жылдын 26-июлунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери тез арада Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 мекемесине барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө белгилүү болгондой, №2 мекемесинин администрациясы тарабынан инфекция жуккан адамдарды аныктоо үчүн бардык соттолгондор экспресс- тесттен текшерүүдөн өтүп, натыйжада 22 соттолгон аялдан COVID-19 боюнча оң натыйжалар көрсөтүлгөн. Алардын ичинен ПЦР анализдеринин жыйынтыгы боюнча 5 соттолгон адамда COVID-19 тастыкталды.
Вирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн мекеменин администрациясы соттолгон 22 кишинин бардыгын бөлүп жайгаштырышкан. Ошондой эле, COVID-19 диагнозу коюлган 5 соттолгон аял да башкалардан бөлүнгөн.
Ооруп жаткан соттолгондордун абалы канааттандырарлык, алар өз алдынча кыймылдап жүрүшөт, аларга дарылоо протоколуна ылайык дары-дармектер жазылган. Мындан тышкары, администрация өзүнчө жашаган соттолгондордун ортосундагы мамилени чектөө чараларын көрдү. Катуу оорулуу бейтаптар жок. №2 мекеменин администрациясы вирустук инфекциянын жайылышы боюнча кырдаалды көзөмөлдөп турат жана керектүү дары-дармектер бар.
Ошол эле учурда, камакта жана эркинен ажыратуу жайларынын толуп жаткандыгын жана жабдылышынын начардыгын эске алып, ошондой эле жуктуруп алгандарды өз убагында аныктоо жана вирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында, Акыйкатчы институту коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабга кат жөнөттү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине төмөнкүлөрдүн зарылчылыгы жөнүндө сунуштарды келтирди:
- медициналык коопсуздук чараларын күчөтүү;
- эркиндигинен ажыратуу жайларында медициналык персонал жана дары-дармек менен камсыз кылуу;
- жабык мекемелерде коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоо боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү.