КР Акыйкатчысы Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылышты

27/07/2021 - 16:35

Буга чейин Санкт-Петербург шаарынын тургунуна каракчылык кылган деп айыпталып, 2021-жылдын 5-июлунда Санкт-Петербургдун Фрунзе райондук соту тарабынан акталып чыккан З.Д.у., М.у.Б. жана Н.С. жакындары, КР Акыйкатчысынын атына кайрылышкан.

Ошол эле учурда, алар «Новая газетага» кандайча күнөөнү мойнуна алууга мажбур болгонун айтып беришти. Жарандардын айтымында, сурактар кыйноолор менен коштолуп, полиция алардын баштарына баштыктарды кийгизип, резина таяктар менен сабашкан, ошондой эле электр тогун колдонушкан. Мындай кысымга туруштук бере албай З.Д.у. менен М.у.Б. кылмышты мойнуна алууга аргасыз болушкан.

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 5-беренесине жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 7-беренесине ылайык, эч ким кыйноолорго же катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазага тартылбашы керек.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана прокуратура органдары Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе райондук сотунун өкүмүнө каршы инстанцияга даттангандыгы жөнүндө маалыматты эске алып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайталап кат жөнөттү. Катта Акыйкатчы соттолуучулардын укуктарын одоно жана ачыктан-ачык бузуу фактыларына көңүл буруу өтүнүчү менен кылмыш ишин апелляциялык инстанцияда мындан ары объективдүү кароого көмөктөшүп жана З.Д.у., М.у.Б. жана Н.С. бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча мүмкүн болгон чараларды көрүүнү өтүнөт.