Акыйкатчы аппараты жана “Экономиканын жогорку мектеби” (НИУ ВШЭ) Улуттук изилдөө университетинин Федералдык мамлекеттик автономдук жогорку билим берүү мекемеси кызматташуу келишимине кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен “Высшая школа экономики” (НИУ ВШЭ) Улуттук изилдөө университетинин Федералдык мамлекеттик автономдук жогорку билим берүү мекемеси (жайгашкан жери: Москва шаары, Мясницкая көч., үй 20) студенттерди практикалык жактан окутуу боюнча келишимге кол коюшту.
Эми Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинин укук факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынан өндүрүштүк практикалык өтө алышат.
Практика учурунда студенттер Акыйкатчы институтунун адистештирилген бөлүмдөрүндө, мисалы, эксперттик бөлүмдө, мигранттардын укуктарын коргоо, балдардын, аялдардын жана үй -бүлөнүн укуктарын коргоо, социалдык-экономикалык укуктарды коргоо, соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү жана сот системасы менен иштөө, жабык мекемелер менен иштөө бөлүмдөрүндө практикалык окуудан өтүшөт.
Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбековдун айтымында, «бул Макулдашууга кол коюу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун эл аралык аренада ролунун өсүп баратканынан кабар берет. Акыйкатчы институту адистештирилген уюм катары студенттердин практикага толук кандуу өтүүсү үчүн бардык шарттарды түзөт. Кызматкерлер студенттерге адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону, иш документтерди түзүүнү, мамлекеттик органдарга ар кандай суроо –талаптарды жөнөтүүнү, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү ж.б. үйрөтүшөт ».