Социалдык тармактагы кайрылууга жооп иретинде үч балалуу аялга КР Акыйкатчысы тарабынан укуктук консультациялык жана материалдык жардам көрсөтүлдү

05/08/2021 - 16:00

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Токтогул кызы Акылайды жана анын кыздарын кабыл алды. Ал арыз ээсинин көйгөйлөрүн кунт коюп угуп, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулады.

Акыйкатчы Токон Мамытов Омбудсмен аппаратынын кызматкерлерине алимент өндүрүү, турак-жай көйгөйү, социалдык төлөмдөр жана башка маселелер боюнча  мамлекеттик тийиштүү органдарга каттарды жоллдоону тапшырды.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда 30 жаштагы Токтогул кызы Акылайга жана анын жашы жете элек 3 кызына жардам керектиги тууралуу кайрылуу жарыяланган. Анда жашы жете элек кыздарга ай сайын алынуучу алимент беш айдан бери төлөнбөй жатканына ж.б. көйгөйлөргө даттанган эле.

Жолугушуу учурунда Акыйкатчы Токон мамытов Токтогул кызы Акылайга укуктук кеңеш берип, ага өз каражатынан материалдык жардам да көрсөттү.

Жолугушудан кийин акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жашы жетпеген кыздарга беш айдан бери алимент төлөнбөгөн окуянын чоо-жайын бышыктоо үчүн Акылайдын жолдошу –Эрмек уулу Нурбек менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Анын жүрүшүндө Нурбек бир айга 5000 сом алиментти которгонун, дагы бир айга беш миң сомду  чукул арада которуп берээрин убадалады. Ал эми жашы жетпеген кыздары үч ай бою өзү менен жашаганын айтып, алардын кем-карчын камсыздап турганын белгилеп, ал үч айга алимент төлөөнүн кажети жоктугун сотто далилдейм деп айтты. Ошондой эле Акылайдын жолдошу 5000 сом өлчөмүндө алимент төлөө тууралуу соттун чечимин өзгөртүү үчүн сотко кайрылаарын маалымдады. Анткени ал азыр бюджеттик мекемеде иштээрин жана айлыгы 4500 сомду түзөөрүн белгилеп, эгер сот анын 50%ын  кыздарга төлөөгө милдеттендирсе, айлыгынын жарымын кыздарын камсыздоого чегерип тураарын айтты.

Белгилеп коюучу жагдай, учурда Акылайдын 2 кызы борбор шаардын мектептеринин бирине кабыл алынды.

Акылайдын жана анын кыздарынын маселесинин чечилиши КР Акыйкатчысынын тармактык бөлүмүнүн көзөмөлүндө.