Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсүнөн кийин зомбулук көрсөткөн адам 50 саатка коомдук ишке тартылган

06/08/2021 - 15:50

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына(Омбудсменине) Талас районундагы айылдардын биринин тургуну Р к Б аттуу жаран кайрылган. Ал арызында, 2008-жлы турмушка чыкканы, 2009, 2010 жана 2012 -жылы туулган жашы жете элек үч баласы бар экенин жазат. Кайрылууда айтылгандай, ал жана анын балдары үй -бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп келишет. Күйөөсү аларды анын колуна тийген нерсе менен сабайт, оозго алгыс сөздөр менен сөгөт. Учурда күйөөсү үч баланы өзүнө алып калып, аялын үйдөн кууп чыккан. Арыз ээси күйөөсү Н.С.га карата чараларды көрүүгө жардам сурап, ошондой эле жашы жете элек балдарын алып кетүүгө жардам сураган.

Бул кайрылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусундагы өкүлчүлүгү Талас районунун прокурорунун наамына кат жөнөткөн.

Талас райондук прокуратурасынан алынган жоопко ылайык, сотко чейинки өндүрүш уюштурулган. Р к Б.га карата соттук -медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы ден соолукка жеңил зыян келтирилгенин көрсөттү.

Н.С.нын аракети. КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 75 -беренесинде каралган "Үй -бүлөлүк зомбулук" катары квалификацияланган. Айыптоо арызы бекитилипп, Талас райондук сотуна жөнөтүлгөн. Талас райондук сотунун 2021 -жылдын 14 -июнундагы өкүмү менен зомбулук көрсөткөн адам 50 саат коомдук жумуштарга тартууга жазаланган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусундагы өкүлчүлүгү арыз ээсине балдардын жашаган жери боюнча консультацияларды берди.

Кыргыз Республикасынын Үй бүлө кодексинин 70 -беренесинде 2 -бөлүгүнүн жоболору түшүндүрүлдү. Анда, макулдашуу жок болгон учурда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет-деп жазылган.

Ошол себептен  арыз ээсине сотко кайрылуу сунушталган.