Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ош шаарындагы "Жасмин" жеке менчик бала бакчасында сабалган 5 жашар кыздын сотуна мониторинг жүргүзүшөт

17/08/2021 - 15:15

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жабырлануучу 5 жашар кыздын ишин көзөмөлгө алышты.

Кыздын ата -энеси менен болгон телефондук сүйлөшүүдөн, баланы “Жасмина” аттуу бала бакчадан алынганы белгилүү болгон. Алар баласынын психологиялык жактан катуу жабыркаганын белгилешти. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына дагы арыз менен кайрылышкан.

ШИИБдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Камал уулу Кубанычбек менен болгон сүйлөшүүдөн, Д-х арызы 2021-жылдын 6-апрелинде Автоматташтырылган маалымат системасынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жоруктар кодексинин 119 беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш козголгон. Жабыркаган кызга тиешелүү медициналык жана психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Акыйкатчынын өкүлдөрү "Жасмина" жеке бала бакчасына барганда директор ордунда жок болгон. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери улук тарбиячы Э.Тентимишова менен сүйлөшүштү, ал бул окуяга катышкан Динара Сатыбалдиева бала бакчада бухгалтер болуп иштерин, ошол күнү ал тарбиячынын ордуна иштегенин айтты. Учурда ал бала бакчадагы кызматынан бошотулганын, ошондой эле, окуу жана тарбия иштеринин башчысы Мария Быкова да кызматынан бошотулганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2021 -жылдын 12 -августунда Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан айыптоо актысы чыгарылып, аны бекитүү үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн жана материалдар сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Бул ишти сотто кароодо КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери сот процессине мониторинг жүргүзүшөт.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош облусундагы жана Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.

Эске салсак, 2021 -жылдын апрель айында жалпыга маалымдоо каражаттарында Ош шаарындагы "Жасмин" жеке менчик бала бакчасында тарбиячы баланы сабагандыгы тууралуу маалымат тараган.