Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруу өкүлчүлүктүн адиси А.Шаршеевага жүктөлдү

25/08/2021 - 14:58

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Басма сөз кызматы коомчулукка маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн инспектору А.Б., облустун УКМКсы тарабынан кармалган. А.Бга карата сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканына байланыштуу анын түздөн -түз жетекчиси - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тамаев Өмүрбек Шакирович Акыйкатчы Токон Мамытовго  өз арызы кайрылып, аны ээлеген кызматынан бошотуу өтүнүчүн билдирген.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ө.Тамаевди кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруу өкүлчүлүктүн адиси А.Шаршеевага жүктөлдү. Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси А.Азарбеков Каракол шаарына иш сапарына жиберилди.