КР Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери жаран М.О. иши боюнча сот отурумдарына мониторинг жүргүзүшөт

13/09/2021 - 12:13

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) басма сөз кызматы (03.08.2021 (11:31)) коомчулукка билдиргендей, Акыйкатчынын аппараты Жогорку Соттун Жазык иштер жана  жоруктар жөнүндө  иштер боюнча соттук коллегиясына кайрылган. Анда М.О. аттуу соттолгон жарандын  кылмыш ишин кароодо тергөө учурунда соттук териштирүүлөрдө жана соттук отурумдарда процессуалдык мыйзам бузуулар болгонуна көңүл буруу өтүнүчү айтылган.

Мисалы, аталган арыз берүүчү айткандай, тергөө учурунда эч кандай процессуалдык же башка документтерге кол койгон эмес. Мындан тышкары, ал протоколго коюлган кол тамга аныкы болбогондуктан, сот тинтүү протоколун далил катары тааныбашы керек деген өтүнүч келтирген.

 Кыргыз Республикасынын Жазык -процесстик кодексинин 100 -беренесине ылайык, Кармалганды жеке тинтүү иш жүзүндө кармалгандан кийин токтоосуз жүргүзүлөт, бул жөнүндө датасы жана так убактысы (саатын жана минутун көрсөтүү менен) көрсөтүлгөн протокол түзүлөт. Жазык -процессуалдык кодексинин 82 –беренесинин, 4 -бөлүгүнүн 7 -пунктуна ылайык, айыптоочу тарабынан ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган башка далилдерге жол берилбейт. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соттун Жазык иштер жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы бул кылмыш ишин карап, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2020 -жылдын 19 -ноябрындагы өкүмүн жокко чыгарды, ага ылайык М.О. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык, 201-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1.2-пунтуна жана 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна  ылайык,  5 жылга эркинен ажыратылган, ошондой эле 700 (жети жүз) эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып менен жазаланган, б.а. 70 миң сом. Мындан тышкары, биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын 2021 -жылдын 11 -майындагы өкүмү жокко чыгарылган.

Учурда М.О. аттуу жарандын кылмыш иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна башка курамда  кайра кароого жөнөтүлгөн. КРнын Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлдө кармап турат жана ал боюнча соттук отурумдарды аппараттын тиешелүү бөлүмүнүн кызматкерлери мониторинг жүргүзүп турушат.