Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы кеңсеси Базар-Коргон районунун тургунун паспорттоштурууга жардам берди

28/09/2021 - 17:18

КРнын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө Базар-Коргон районунун тургуну С.Б. кайрылган, дан белгилүү болгондой,  2021-жылдын 15-мартында паспортунун мөөнөтү бүткөнүн, бирок белгисиз себептерден улам Базар-Коргон районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттук камсыздоо бөлүмү  паспорт алуу үчүн документтерди кабыл алуудан баш тартышкан. Буга байланыштуу арыз ээси С.Б. өздүгүн тастыктоочу жаңы документти алууда жардам сураган.

Акыйкатчынын аталган өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тиешелүү иштерди аткарып жаран С.Б. II топтогу майыптыгын, Базар-Коргон районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттук камсыздоо бөлүмүндө маалымдалгандай, белгисиз аял 2014-жылдын декабрь айында С.Б.нын маалыматтарын колдонуп, анын атына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган. Ушул себептен улам, II топтогу майып, жаран С.Б.дан ID-паспорт үчүн документ кабыл алынган эмес.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад  шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттук камсыздоо бөлүмүндө жаран С.Б.нын көйгөйүн чечүүнүн эки жолу бар экенин маалымдады: 1) арыз менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылуу жана алардан тиешелүү токтомду алуу; 2) ал арыз берүүчүнүн маалыматын колдонуу менен паспорт алган адам табылганга чейин күтүү.

Бул маселе менен алектенген Жалал-Абад облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери  бул абалдын кесепетинен жаран С.Бнын  дары-дармектерге жеңилдик алуу укугу жана майыптык боюнча пенсияны узартуу укугу бузулганын да аныкташкан.

Аталган көйгөйлөр боюнча арыз ээси С.Б.нын өтүнүчү менен С.Б. КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттук камсыздоо бөлүмүнө тиешелүү каттарды жөнөтүштү.

Мындан тышкары, Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттук камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Н.Жакыпов Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн кеңсесине чакырылып, С.Б.га карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган Жалал-Абад шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2021-жылдын 23-сентябрында Жалал-Абад  ШИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү токтом чыгарган, ага ылайык С.Б.га карата сотко чейинки козголгон өндүрүш токтотулган, анткени анын аракеттеринде кылмыштын курамы табылган эмес. 2014 -жылдын 10 -декабрында берилген С.Б.нын жеке маалыматтары жазылган жалпы жарандык паспорт жараксыз деп табылды. Ушул эле токтом  менен Жалал-Абад шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттук камсыздоо бөлүмү Базар-Коргон районунун тургуну, II топтогу майып, жаран С.Б. га жаңы паспорт берүүсү милдеттендирилген.

Учурда Жалал-Абаддык Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттук камсыздоо бөлүмү тарабынан паспорттоштуруу  үчүн С.Б. нын документтери кабыл алынган. Арыз ээси КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрүнө жазуу жүзүндө ыраазычылык билдирген.