“Укук кербенинин” үчүнчү күнкү сапары Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында уланат

06/10/2021 - 15:44

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору  өз ишин улантып жатат. Иш чаралар 10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.  

Бүгүн, 2021-жылы 6-октябрда, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында өз ишин улантат. Атап айтканда,  Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин бир тобу КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.О. Жамгырчиеванын жетекчилигинде Баткен облусунун Кадамжай сурьма комбинатынын маданият үйүндө саат 10-00дө жергиликтүү калк менен жолугушуу болот.

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков жетектеген топ Жалал-Абад облусунун Аксы районунун эли менен саат 10-00лө райондук мамлекеттик администрациясында жолугушат.

Ал эми курамында Акыйкатчынын борбордук аппаратынын Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документ менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Келсинбек кызы Кереметкан жана Акыйкатчы аппаратынын Эксперттик-укуктук иштер секторунун башчысы Урмат Аралбаевдер кирген үчүнчү топ саат 11-00дө Талас облусунун Кара-Буура районунун эли менен жолугушат.