Чаткал районундагы алтын казуучу компаниялар жарандардын эмгек укуктарын одоно түрдө бузушат

09/10/2021 - 10:53

«Укук кербени» долбоорунун алкагында КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун калкы жана активдери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар алтын казуучу ишканалардагы эмгек шарттарына даттанышты. Ал жакта айрым багыттардагы иштердин графиктери суткасына 18-19 саатка чейин жетет, эс алууга аз эле убакыт бөлүнөт, ал эми эмгекке жарамсыздык барактары кабыл алынбайт жана төлөнбөйт.

Мисалы, экинчи топтогу майып О.Г. ишканалардын биринде ашпозчу болуп эмгектенерин, анын нөөмөтү 18 саатка жете турганын  маалымдады. Ушул фактыны аталган компаниянын өкүлү да тастыктады, анын айтымында жумушчулар өзүлөрү ушундай графикке макул болуп, иштеп жатышат, мында укук бузуу жок деп белгиледи ишкана өкүлү. Ошондой эле буга чейин компаниянын жетекчилиги Мамэкотехинспекцияга графиктерди белгилөө жана эмгек шарты боюнча консультациялык көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышканын белгилеп, бирок бүгүнкү күнгө чейин алгылыктуу жооп алынбаганын кошумчалады. Андан сырткары ал дээрлик бардык алтын казуучу ишканаларда эмгек шарттары бирдей экенин, өзүлөрүнүн ишканасы алардын ичинде мыкты экендигин белгиледи. .

Жаран О.Г.айымдын арызы караштуулугуна жараша жолдонду жана Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүнө алынды. 

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү. 2-фаза” программасынын колдоосунда  жүрүп жатат.