КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева майыптардын укуктарын коргоого жана адамдын экологиялык укуктарын коргоого арналган эл аралык конференцияга катышты

12/10/2021 - 10:16

Бүгүн, 2021-жылдын 12-октябрында, КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева майыптардын укуктарын коргоого жана адамдын экологиялык укуктарын коргоого арналган "Евразия мейкиндигинде адам укуктарын коргоо проблемалары: Акыйкатчынын мыкты тажрыйбалары менен  алмашуу" аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине катышты. Иш-чара 250дөнашуун  катышуучуну жыйнаган.  Видео-конференц-байланыш форматындагы конференция чет өлкөлүк омбудсмендерди, эл аралык адам укуктары боюнча уюмдардын жетекчилерин жана адам укуктарын коргоо боюнча мекемелердин ассоциацияларынын өкүлдөрү, илимий коомчулуктун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Россиянын субьектилериндеги Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр катышты.  

Бул иш чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн Россиянын Президенти В.В.Путин,  БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары М.Бачелет жана Омбудсмендердин эл аралык институтунун директору Крис Филд жолдогон.

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева белгилегендей, бул конференциянын жүрүшүндө көтөрүлгөн жана каралыган маселелер Кыргызстан үчүн да  актуалдуу болуп эсептелет.