КР Акыйкатчысы Токон Мамытов “Укук кербени” долбоорунун алкактарында Каракол шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

12/10/2021 - 10:12

Бүгүн, 2021-жылдын 12-октябрында “Укук кербени” долбоорунун алкактарында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов жана борбордук аппараттын бир катар кызматкерлери жана КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Каракол шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Алар Түп районунун эли менен жолугушуудан кийин Каракол шаарында ишин улантышты. Алар Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, прокуратура, Ички иштер башкармалыгынын, Ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда , жарандык активисттер жана жергиликтүү эл менен жолугушту.

Акыйкатчы  2021-жылдын 4-октябрында өз ишин баштаган жана бүгүнкү күндө республиканын 4 областын камтыган «Укук кербени» долбоорунун максаты жана милдеттерине токтолду. Бул долбоорду ишке ашырууга Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү” программасы колдоого алган. Ал ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердигинин багыттары тууралуу айтып берди.

Ар бир жолугушуудан кийин Акыйкатчы ага кайрылган ар бир арыз ээсинин оозеки кайрылууларын угуп, алардын суроолоруна жооп берип, жекече консультацияларды берди.

Атап айтканда,  Токон Мамытов жарандардын Акыйкатчы институтуна кайрылуу тартиби, “115 Шыр байланыш” кызматына  күнү-түнү дебей кайрылууга болорун түшүндүрдү. Тигил-же бул маселелер боюнча тиешелүүлүгүнө жараша республиканын ар кайсы органдарына кайрылуу керектигин, кайсы бир орган же  кызмат адамы туура эмес караса, же жарандын кайрылуусун карабай койгон учурда Акыйкатчыга кайрылуу керектигин маалымдады.

Укук коргоо органдары тарабынан болуучу кыйноо фактылары тууралуу маселе көтөрүлгөндө, прокуратура жана ИИБ кызматкерлери жеринде жооп узатышып турду.Ошондой эле жабык мекемелердеги абалды жакшыртуу боюнча күч аракетти бириктирүү жана жабык мекемелердеги адамдардын укуктарын коргоонун иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу маселелери ортого салынды. КР Акыйкатчысы тарабынан Омбудсмендин Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.  

Келип түшкңн бардык билдирүүлөр, арыз жана даттануулар Акыйкатчы аппаратында каралып, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Кароонун жыйынтыктары мыйзам талаптарына ылайык арыз ээлерине кабарланат.