КР Акыйкатчысынын борбордук кеңсесинде КРда балдарды сатууга байланышкан теманы изилдөөнүн жыйынтыгы талкууга алынды

14/10/2021 - 09:48

Бүгүн, 2021-жылдын 14-октябрында КР Акыйкатчы Институтунун жана «Эл агартуу» коомдук бирикмесинин демилгеси боюнча Эл аралык эмгек уюмунун көмөгүндө Кыргыз Республикасында балдарды сатууга байланышкан изилдөөнүн натыйжаларын талкуулоо болду.

Талкууга КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик  комитетинин, КР Башкы прокуратурасынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.  

Жогоруда аталган изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча балдарды сатунун алдын алуу жана балдарды кароо, аларды жайгаштыруу, коопсуздугун камсыздоо, репатриация жана аларды социумга реинтеграциялоодо балдардын  таламдарынын сакталышы боюнча атайын сунуштамалар иштелип чыккан.

Бул жумушчу жолугушуу балдарды сатуунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди, анын ичинде, бардык таламдаш тараптардын, КР Акыйкатчы институтунун ишмердигин кошо алганда чогуу иш-аракеттерди күчөтүү жана иш аракеттердин негизги векторлорун талкуулоого шарт түздү.