“Укук кербени” долбоорунун катышуучулары "Аруу тилек" кризистик борборуна барышты

19/10/2021 - 09:14

2021-жылдын 18-октябрында  “Укук кербени” долбоорунун катышуучуларынын тобу "Аруу тилек" кризистик борборуна барышты. Аталган  борбор Нарын облусу боюнча - жалгыз. Эмгек социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык буюртмасы менен иштешет. Эгерде кандайдыр бир себептер менен тендер жарыяланбай калса, кризистик борбордун иши токтоп калат. Имарат, коммуналдык төлөмдөрдү жергиликтүү бийлик камсыз кылат. Ал эми тамак- аш, кызматкерлердин айлык акылары тендер аркылуу камсыз кылынат.

Бул жерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдар балдары менен баш калкалашат. Долбоор боюнча 2014-жылы 14 күнгө эсептелинип  ачылган. Бирок иш жүзүндө көйгөйлөр чечилгенче,  2-3 айлап жашагандар бар. Акыркы 9 айда  38 адам катталган.

Учурда жашы жетпеген 3 баласы бар, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял Кочкордон келип жашап жатат. Улуу баласы атасынан көргөн кордуктан улам, кекечтенип сүйлөй албай калган. Борборго психолог абдан керек. (Негизи эле, Нарын облусу боюнча психолог маселеси курч. Мектептерге да психолог керектигин ИИМ кызматкери да баса белгилеп айтты).  Өзгөчө пандемия учурундакКризистик борборго кайрылгандардын саны өскөн.

Борбордун санитардык абалы канааттандырарлык. Тамак- аш менен камсыздалган.

Аталган борбордун директору Капарова Жылдыз:  “Борбордун жабылып калуу коркунучу бар, көчөдө калган аялдарга, балдарга  колдоо көрсөтүп турганыбыз биринчи кезекте, алар үчүн маанилүү “-деп  белгиледи. Нарын облусу боюнча жападан жалгыз кризистик борбор болуп саналган "Аруу тилек” кризистик борборунун туруктуу негизде иштеп туруусун камсыздоо учурда орчундуу маселе