“Укук кербенинин” катышуучулары Чоң -Алай районунун эли менен жолугушту

20/10/2021 - 09:11

«Укук Кербени» долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов жетекчилик кылган топ 2021-жылдын 19-октябрь күнү Чон-Алай районунун жарандары менен жолугушту.

Жолугушууда орун басар А.Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө, ошондой эле КР Акыйкатчысынын миссиясы тууралуу кенири маалымат берди.

Жолугушууда жарандар пенсия, пособия чегерүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маселелери боюнча суроолорду беришип, мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдүн билим алуу укугунун бузулуп жатышы боюнча маалымат беришти.

Чон-Алай районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жатак интернаттары жок. Ошондой эле 13-14 жашкка чыкканга чейин мектепке барышпай, үйлөрүндө жүргөн фактылар бар. Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердеги социалдык педагогдор тиешелүү иштерди жүргүзүшпөйт.

Облустук МСЭКтин кызматкерлери  майыптардын тайпасын аныктоо үчүн Чон-Алай районуна жылына 2 жолу келгендиктен, райондун тургундары ар кварталда келип турса деп суранышты.

Райондо жөлөк пул алуучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бардары 5947;

Майып балдардын саны 210;

Жарым жетим балдар 479;

Мигранттардын балдары 175.