Чоң-Алай райондук ооруканага мониторинг жүргүзүлдү
“Укук кербени” долбоорунун алкактарында КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов жетектеген топ Ош облусунун Чоң-Алай райондук оорукананын терапия жана балдар бөлүмү менен таанышышты, ооруканаларга өз учурунда дары-дармектер бөлүнөт жана тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жугуштуу оорулар бөлүмү ооруларды кабыл алууга жараксыз жана коронавирус инфекциясы күчөгөн убакта башка бөлүмдөрдө ооруларды кабыл алуу жүргүзүлөт.
Дарыгерлердин жетишсиздиги райондогу орчундуу көйгөйлөрдүн бири жана дарыгерлерди турак жай менен камсыз кылуу маселеси бар, келген дарыгерлер райондун катаал климаттык шартына чыдашпайт.
Эске салсак, бул долбоорду ишке ашырууга Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.