“Укук кербени” Араван районунда

26/10/2021 - 12:17

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов, Борбордук аппараттын бөлүм башчысы Замир Өмүрзак уулу жана Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош областы боюнча эксперти Т.Турганбаевден турган топ  2021-жылдын 24-октябрь күнү  Араван   районунун жарандары менен жолугушту.

          Жолугушууда орун басар А.Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө, ошондой эле КР Акыйкатчысынын адам укуктарын коргоодогу аткарып жаткан иштери, ошондой эле  Адам укуктарынын жалпы декларациясы жөнүндө кеңири маалымат берди.

         Араван айылында өткөн жолугушууда жарандардын суроо-талаптары, сунуштары угулду жана жазуу түрүндө арыз-даттануулар кабыл алынды. Жолугушуунун соңунда жергиликтүү элдин көптөгөн суроолоруна жооп берилди. Алардын ичинен актуалдуу маселелер катары төмөндөгүлөрдү   көрсөтүүгө болот:

  • Райондо  жөлөкпулдарды  чектөөдө чыныгы  муктаж үй-бүлө албай,  тааныштык аркылуу  колдорунда бар жарандар алып  жаткандыгын билдиришти.
  • Айыл башчылары  жакыр үй-бүлөлөргө  деп келген  ундарды  элдин көзүнчө колунда  бар адамдарга  берген учурларын, ал эми 4-5тен  балдары бар  жардамга чыныгы  муктаж болгон жалгыз бой  энелер документтери туура болбой,   ала албай  жаткандыгын өзгөчө белгилешти.

Бул маселе боюнча  жыйынга катышып жаткан райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын  социалдык   маселелер боюнча орун басары М.Мамасаидов өзү угуп,   бул маселе боюнча комиссия түзүп, ар бир үй-бүлөнү  иликтеп, жардамдар даректүү  каралып, берилерин убадалады.

Ошондой эле, паспорт, нике тууралуу күбөлүктөрдү алууда ашыкча акы төлөмдөрүн төлөп жатышкандыгы боюнча маселе айтылды.

Жолугушууда айтылган оозеки кайрылуулар, жөлөкпулдардын туура эмес чектелиши боюнча маселе КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүнө алынды.

Андан соң “Укук кербени” Чек-Абад айылындагы Арифжан Тургунов атындагы  №23 жатак-мектебинде болуп балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен таанышты. Жатак-мектептеги түзүлгөн шарттар  учурдагы санитардык-эпидемиологиялык шарттарга жооп берет. Бирок, бир окуучуга бир күндүк тамагына 60 сом каралганы жетишсиз.  

 Араван  райондук Ички иштер бөлүмүнүн  убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүү учурунда  1 жашы жете элек өспүрүм кармалып турат. Кармоого негиз болгон документтерди текшерүүдө негиздүү экендиги такталды. Мониторинг учурунда, кармалган жашы жетелек өспүрүм менен сүйлөшүлдү, ал кармоо шарттарына арыз дооматы жоктугун билдирди. Убактылуу кармоочу жайына беш камера бар, төрт даана видеокөзөмөл орнотулган. Камералар жарык жана жылуулук берилген. Тиешелүү эрежелер сакталган. Сейилдөө жайында жуунуу үчүн кабина коюлган жана аристон менен жылытылууда. Убактылуу кармоочу жайдагы дары-дармек  кутучада дары-дармектер менен камсыздалган жана мөөнөттөрү өткөн дары-дармектер жок.