“Укук кербени” долбоору укук коргоочулук ишин Кочкор районунда жүргүздү
“Укук кербени” долбоору боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Нарын облусунун Кочкор районуна барышты. Райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында жарандар, мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушуу болду. Жарандар көбүнчө пенсия, жөлөкпул боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү. Жер маселеси абдан курч маселе экендиги белгиленди. Жер талаш, үй талаш маселелери менен 10 жылдап сотто жүргөндөр көп.
Жергиликтүү тургундар Жер ресурстары агенттигинин Кочкор райондук башкармалыгы жана айыл өкмөтү жарандарга жерди туура эмес бергендиктен, ушундай эки жаат болуп бөлүнүп, соттошуп жатышканын билдиришти. Алар Акыйкатчы өкүлдөрүнө кайрылышып, Жер ресурстары агенттигинин Кочкор райондук башкармалыгынын Архитектура кызматын жана айыл өкмөтүн текшерүү үчүн тийиштүү жерге билдирип коюуну өтүнүштү. Мындай көйгөйлөр чыгып жатканынын себебин, “Кочкордо жетекчиликке ротация болбогондуктан, жетекчилер туугандашып, жерлер Кочкордогу 5-6 чоңдун тегерегиндеги жакындарына берилип, же сатылып келет, ал эми ошол эле учурда 20 жылдап, жерге жетпеген муктаж үй-бүлөлөр, майып жарандар бар”- деп түшүндүрүштү жыйынга катышкандар.
Ошондой эле, Кочкордо көрүстөнгө берилген жер толуп, башка жактан жер бөлүп берилбей жатканына арызданышты. Акимдин орун басары, жаңы мыйзам актылары боюнча акимдин ыйгарым укуктары кеңейтилгенин айтып, бул маселе сөзсүз чечилерине убада берди.
Жыйындын соңунда аппараттын кызматкерлери жарандардын жеке маселелери боюнча консультацияларды беришти.
Андан сон аппараттын кызматкерлери райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына барышты. Имарат жаңы болгондуктан, бардык шарты бар, таза. “Укук кербени” долбоорунун катышуучулары барган учурда УКЖда кармалгандар жок эле.
Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.