Гүлнара Жамгырчиева COVID-19 пандемиясынын учурунда Борбор Азиядагы адам укуктарын коргоо боюнча аймактык конференциянын ишине катышты
Бүгүн, 2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Гулнара Жамгырчиева COVID-19 пандемиясынын учурунда Борбордук Азиядагы адам укуктарын коргоо боюнча аймактык онлайн конференцияга катышты.
ЕККУнун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жана Казакстандагы Программалык кеңселери тарабынан демилгеленген иш-чара Борбордук Азиядагы пандемия учурунда адам укуктары жаатында иштеген адамдар туш болгон көйгөйлөрдү талкуулоо жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн аянтча түздү. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү алынган сабактарды эске алуу менен адам укуктарын коргоо маселелерин чечүүдө кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшө алышты. Конференцияга Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын омбудсмендери жана укук коргоочулары да катышты.
Чакан топтордо иштөө учурунда катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
- Пандемия учурунда Сиз жана сиздин жамаат кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
- Жарандардын кайсы категориялары пандемиянын шартында укуктарын коргоо жагынан эң аяр болуп чыкты жана пандемияда кандай демилгелер жана долбоорлор пайда болду?
- Пандемия учурунда адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташуусунун кандай мисалдарын билесиз?
- Пандемия учурунда адам укуктарын коргоо боюнча ишти кантип жакшыртып, уланта алабыз?