“Укук кербени” долбоорунун натыйжасында УКМК кыскартылган кылмыш ишти жандандырды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсменинин) демилгеси менен 10- декабрь Эл аралык адам укуктары күнүнө карата уюштурулган “Укук кербени” долбоорунун иш чараларынын алкагында 5–октябрь күнү КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын башкармалыгын башчысы Келсинбек кызы Керемет, эксперттик-укуктук камсыздоо секторунун башчысы У.Аралбаев жана Акыйкатчынын Талас облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин катышуусунда Талас облусунун Талас районунун эли менен жолугуп, укугу бузулган жарандардын арыз мундарын угуп, арыздарды кабыл алып, юридикалык кенештерди берүү учурунда, Талас районунун тургуну Б. С. арыз менен кайрылган.
Ал арызында Талас районунун Жон-Арык айылындагы “Бөбөк нуру” балдар бакчасында музыка мугалими болуп иштей турганын, бала бакчага директор Баялиева Бурул жумушка келгенден баштап, мурунку директордун кадрларын куугунтуктап, коллективди экиге болду. Б.Баялиеванын куугунтуктоосунан жумуштан кеткен кызматкердин ордуна, өзүнүн жакын туугандарын жумушка алып жаткандыгын айткан. Бул тууралуу Талас райондук билим берүү бөлүмүнө арыз менен кайрылса, эскертүү менен чектелгендигин билдирген.
Ошондой эле, 2018-жылдан бери бала бакчанын актовый залын жуудуруп келгендигин, кош бойлуу болсо да пол жуудуруп, декреттик отпускадан чыккандан кийин дагы актовый залды эки күндө бир жолу жууп турууга мажбурлаганын көрсөткөн. Ошондой эле, ремонтко деп ар бир балага 500 сомдон акча чогултат. Андан акча талап кылып, “2021-жылдын 1-сентябрынан баштап эки кызыңды бакчага алып келбейсин”- деп талап калыгандыгын. Өзунун 1,25ставкасын 0,70 ставке чейин кыскарта тургандыгын айткандыгын. Б.Баялиевага 14 200 сом акчаны бергенден кийин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгына кайрылып, видеону көрсөткөндүгүн, алар ага акча берип аны кармашкандыгын, бирок кайра эле бош жүргөндүгүн, камалбаганын айтып, укугу бузулуп, корголбой жаткандыгын көрсөтүп, жардам сурап сурап кайрылган.
2021-жылы 12-октябрында бул боюнча КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгүнөн суроо-талап Талас облусунун прокуроруна жана 13-октябрында КР Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнө жөнөтүлгөн.
2021-жылы 23-октябрында Талас облустук прокуратурасынан жооп алынган, анда буга чейин “Бөбөк-нуру” бала бакчасынын директору Б. Баялиеванын кыймыл аракетинде тартип жоопкерчилигинин белгилери болгондуктан 2021-жылы 9-октябрда УКМКнын Талас облусу боюнча ТБнын тергоочусу А. Турсалиев тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши КР ЖПКнын 26-беренесинин 1б.2-пунктунун. негизинде кыскартылган.
Аталган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу облустук прокуратура тарабынан окулуп чыгып, кабыл алынган кыскартуу жөнүндөгү чечим шашылыш түрдө, иштин жагдайлары толук текшерилбей, негизсиз кабыл алынгандыктан.2021-жылы 22-октябрда сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартуу жөнүндөгү токтому жокко чыгарылып, өндүрүш ишин тергөөсү жандандырылган.
УКМКнын Талас облусу боюнча ТБнө иш боюнча тапшырмалар берилип, С Б. арызында бала бакчанын директору Б. Баялиева ай сайын бала бакчанын кызматкерлеринен акча чогулканы тууралуу ж.б. дооматтары сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында каралып чыгып, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде баа берилерин билдирген.
Б.Баялиева Талас райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 19- октябрындагы №100 буйругунун негизинде, Баялиева Б.–Талас районундагы “Бөбөк-нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 82-беренесине. ылайык (өз каалоосу менен) 2021-жылдын 19- октябрынан баштап ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Бул арыз Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.